Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Айыл чарба министри Россиянын “Үрөндөр” Ассоциациясынын президенти менен жолугушту

24.02.2021 15:04
502
Айыл чарба министри Россиянын “Үрөндөр” Ассоциациясынын президенти менен жолугушту

Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков Россиянын “Үрөндөр” Ассоциациясынын президенти менен жолугушту. 


"Биз Кузьмин мырза менен Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн, ошондой эле рапс, күн карама жана сафлорду жеткирүү маселесин талкууладык. Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү селекция, үрөн өстүрүү, питомниктерди өстүрүү маселелери талкууланды. Кузьмин мырза өнөр жайлык үрөн өндүрүшүнө өтүүбүздү сунуш кылды жана Ассоциация биздин министрлик менен биргеликте селекция, үрөн өстүрүү жана питомник чарбасын өнүктүрүү жаатында даяр экендигин билдирди. Ал ушул багытты өнүктүрүүнү так жана кеңири талкуулоо үчүн, Россия Федерациясынын алдыңкы үрөнчүлүк чарбаларынын башчылары, селекционерлери менен биргеликте Бишкекке келүүгө даяр", - деп белгиледи министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн