Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн