Бугу 04, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айыл чарба министри Өзбекстанда өткөн эл аралык конференцияга катышты

09.09.2023 16:03
266
Айыл чарба министри Өзбекстанда өткөн эл аралык конференцияга катышты


Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 7-8-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында азык-түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чараны өзбек тарап БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуну (ФАО) менен биргеликте уюштурган.

Аталган конференциянын өткөрүүнүн максаты азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн дүйнөлүк лидерлердин жана эксперттердин аракеттерин бириктирүү менен бирге эл аралык коомчулуктун көңүлүн азык-түлүк системасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө жана андагы көйгөйлөргө буруу болду.

Форумдун алкагында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Түркиянын Айыл чарба жана токой министри Ибрагим Юмаклы, Катардын Муниципалитет жана экология министри Абдулла бин Абдулазиз бин Турки Аль-Субайи менен, ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фондунун аймактык директору Дина Салех менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Форумдун жыйынтыгында азык-түлүк коопсуздугу боюнча Самарканд декларациясы кабыл алынып, эл аралык кызматташтыктын негизги багыттарын аныктоодо негизги документ болоору аныкталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн