Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 00:27
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Айыл чарба министрлиги 9 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

24.10.2024 09:31
46
Айыл чарба министрлиги 9 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 9 айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, райондун акиминин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды. Ал алгач макроэкномикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, бул аралыкта республика боюнча айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы ушул жылдын иш жүзүндөгү баалары менен эсептегенде 302 082,1 млн сомду түзгөнүн, же болбосо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 690,6 млн сомго көп болгонун белгиледи. Анын ичинен:

  • мал чарбасынын продукциясы – 137 605,1 млн сомго, же болбосо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7567,0 млн сомго көп;
  • өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 153 630,4 млн сомго, же болбосо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2051,9 млн сомго көп;
  • кызмат көрсөтүү көлөмү – 8171,9 млн сом болду, же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 949,9 млн сомго көп;
  • балык уулоо – 2311,7 млн сом болду, же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 121,8 млн сомго көп;
  • аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясы – 363,0 млн сомду түздү.

Ошондой эле 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дүң продукциянын өсүү темпи 106,7 пайыз болгону, анын ичинен мал чарбасы – 102,7 пайызды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 110,4 пайызды түзгөнү белгиленди:

  • Баткен облусу – 20813,7 млн сом, өсүү темпи 101,2 пайыз;
  • Жалал-Абад облусу – 60554,2 млн сом, өсүү темпи 104,6 пайыз;
  • Ысык-Көл облусу 36732,2 млн сом, өсүү темпи – 111,1 пайыз;
  • Нарын облусу 21878,7 млн сом, өсүү темпи – 103,0 пайыз;
  • Ош облусу 54640,0 млн сом, өсүү темпи – 104,5 пайыз;
  • Талас облусу 24862,5 млн сом, өсүү темпи – 100,8 пайыз;
  • Чүй облусу 74821,5 млн сом, өсүү темпи – 112,9 пайыз;
  • Бишкек шаары 5112,2 млн сом, өсүү темпи – 102,1 пайыз;
  • Ош шаары 2667,1 млн сом, өсүү темпи – 100,1 пайыз болду.

2024-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясында (ИДП) айыл чарбасынын дүң продукциясынын салыштырма салмагы (үлүшү) 10,8 пайызды түздү.

Айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүндө мал чарбасы 45,6 пайызды, өсүмдүк өстүрүү 50,8 пайызды, кызмат көрсөтүү 2,7 пайызды, токой чарбасы 0,1 пайызды, балык чарбасы 0,8 пайызды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн