Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Айыл чарба министрлиги Бишкекте айыл чарба жарманкелерин кайрадан улантууда

08.01.2021 10:15
549
Айыл чарба министрлиги Бишкекте айыл чарба жарманкелерин кайрадан улантууда

Жарандардын өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте айыл чарба жарманкелерин кайрадан улантат.


2021-жылдагы биринчи жарманке 9-январда Бишкектеги Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулат.

Жарандарды колдоо максатында бааларды дүң баада сатуу жарманкенин маанилүү критерийи болуп саналат. Иш-чарага 40 компаниянын катышуусу пландалууда.

Буга чейинки жарманкелерде тургундардан жакшы жооп алып, кыргызстандыктардын арасында суроо-талапка ээ болду. Эң башкысы ата мекендик дыйкандарыбыз ыраазы болуп, өз продукцияларын сата алышты. Ошондуктан, биз бул тажрыйбаны республиканын бардык аймактарын камтып, бардык жерде улантабыз жана киргизебиз ”, - деди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.

Жарманке 9-январь күнү саат 10: 00дө башталып, төмөнкү продукциялардын түрлөрү коюлат:

• Эт азыктары
• Күнкарама майы
• Жумуртка
• Балык
• ун
• Күрүч
• Сүт азыктары
• Колбаса
• Жашылчалар
• мөмө жемиштер
• кургатылган жемиштер
• Суусундуктар ж.б.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн