2023-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, иш-чарада Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Токой кызматы жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү катышты.
Ошондой эле, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу токой чарбасынын Борду участкасына 6800 түп Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду.
Жети-Өгүз токой чарбасынын эсебине аяттын жер кыртышын даярдоого, көчөттөрдү казууга, аларды отургузулуучу аянтка жеткирүүгө 854 000 сом жана керектөөгө зарыл болгон шаймандарды (мотобур, мотоблок, бензопомпа ж.б ) сатып алууга 1 600 000 сом которулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн