Бирдин айы 11, 2025
Убакыт: 19:32
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.900
0.930

Айыл чарба министрлиги агрардык жана фермердик адистер үчүн окутууну жандандырды

11.02.2025 13:29
31
Айыл чарба министрлиги агрардык жана фермердик адистер үчүн окутууну жандандырды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республиканын аймактарындагы агрардык жана фермердик адистер үчүн АгроЗооВет окутууну кайрадан жандандырды. 


Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарада тажрыйбалуу адистер төмөнкү маселелер боюнча окутат: 


- абитуриеттер айыл чарбасы боюнча кандай кесипке ээ боло алат жана кайсы жерде иштей алат;
- дыйкан, фермелер кандайча кирешелүү боло алат;
- чарбаны кантип туура уюштурса болот;
- өндүргөн прокцияны кантип жана кайда сатса болот; 
- экспорттоого чейин эмне кылуу керек;
- заманбап  технологияларды жана ыкмаларды колдонуу үчүн эмнени билүү керек.


Учурда окутуулар Ош облусунун Өзгөн районунда өз ишин улантууда. Бул маанилүү иш-чарада жергиликтүү дыйкандар жана фермерлер жазгы талаа айдоо иштерине даярдыкты күчөтүү максатында керектүү жаңы билимдерди алышып, заманбап агротехнологиялар боюнча терең түшүнүккө ээ болушту.


Окутууга катышкан айыл чарба адистери тарабынан үрөндөрдүн сапаты, дотацияланган өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн заманбап чаралар, бензиндин керектөө деңгээли, ошондой эле органикалык жер семирткичтердин пайдалуулугу тууралуу кеңири маалыматтар берилди.


Мындан тышкары, бул аракеттер келечекте айыл чарба секторунун өсүшүн жана туруктуулугун камсыз кылууга көмөктөшүп, катышуучуларга өз иштеринде мыкты натыйжаларды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн