Бугу 07, 2024
Убакыт: 11:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек тууралуу үн катты

22.08.2023 11:58
407
Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек тууралуу үн катты


Кыргыз тарап суу бербей койгону үчүн Казакстан чек арадан жүк ташуучуларды өткөрбөй жатат деген маалымат боюнча Айыл чарба министрлиги үн катты.


Ведомствонун Кыргыз ирригация илим-изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев суу сактагыч какшып калганы үчүн Кыргызстан суу берүүнү токтотконун айтты. Киров суу сактагычынын жазда жана учурда спутниктен тартылган сүрөтүн да салыштырып көрсөткөн.


"Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы милдеттенмелерибизди толугу менен аткардык. Суу жок. Анан эмнени берели силерге? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот", — деп жазды Чортомбаев.


Белгилей кетсек, кечээ "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунун алдында 370 машина кезекке туруп калган. Казак тарап 10 саатта болгону 3 фура өткөргөн. Айрым ЖМКлар айдоочуларга таянып "Кыргызстан суу бербей жатат деп чек арасын жаап алганын" жазышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн