Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айыл чарба министрлиги менен KOICA малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашырат

13.09.2023 15:49
271
Айыл чарба министрлиги менен KOICA малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашырат


Айыл чарба министрлиги KOICA уюму менен биргеликте "Ири мүйүздүү малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу потенциалын жогорулатуу" долбоорунун протоколуна кол коюшту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, кол коюу аземине айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вун Джэ, Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун жана KOICA уюмунун директору катышты.

Аталган долбоор KOICA уюму жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту менен биргеликте ишке ашырылат.

Долбоор эт жана сүт өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу максатында күрөң швиц породасын жайылтуу менен изилдөө окуу борборун куруу, биоборборду реконструкциялоо жана жасалма уруктандыруу боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн