Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Айыл чарба министрлиги райондордо асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнү сунуштайт

17.05.2021 10:03
1536
Айыл чарба министрлиги райондордо асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнү сунуштайт


Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү максатында республиканын климаттык шартына ылайык асыл тукум мал чарбасын райондоштурууну сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, асыл тукум малдарды туура райондоштуруу экономикалык жактан пайдалуу жана дыйкан, фермерлердин натыйжалуу киреше табуусуна зор мүмкүнчүлүк түзөт.

Министрлик учурда сырттан Кыргызстандын климатына ылайык келбеген малдардын породалары кирип жаткандыгын да кездештирүүгө болорун эскертет.

Төмөндө породаларды туура райондоштуруунун тизмеси түзүлгөн:

Ири мүйүздүү мал боюнча: Алатау, абердин-ангус, герефорд, буро-швиц тукумдарын республиканын бардык облустарда көбөйтүү сунушталат. Талас облусунда аулиэатин тукуму артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына симментал породасы ылайыктуу. Голштиниз тукуму Чүй, Жалал-Абад, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жакшы адаптацияланат.

Топоз боюнча: Айкол тукуму Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми кыргыз тукуму Баткен аймагына ылайыкташкан.

Кой боюнча: Гиссар, “Арашан” кыргыз эт-май тукуму республиканын бардык аймактарында сунушталат. Кыргыз мериносу Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад аймактарында жогорку жыйынтыктарды берди. Көп төл берүүчү койлордун тиби Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарында жакшы жыйынтыктарды берет. Айкөл тукуму Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында өстүрүлөт. Алай тукуму Ош облусуну ылайыкташкан.

Эчки боюнча: Баткен районунда кыргыз тыбыт тукуму жана кыргыз жүндүү породасындагы эчкилер, ал эми Чүй облусунда эчкинин сүттүү тиби жакшы жыйынтыктарды берүүдө.

Жылкы боюнча: Англис тукуму жылкы породалары өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү сунушталат. Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында орус таскак тукумун, ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактарында дон породасын өстүрсө болот.

«Урматтуу фермер жана малчылар! Мал чарбачылыгы жаатында сапаттуу кайра түзүү үчүн жогорудагы маалыматтарды сактап, жетекчиликке алууңузду, башкача айтканда, жеринде тукумдарды райондоштуруу ыкмасын киргизүүнү өтүнөбүз», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алат
Алатоу Швиц уйларынын музоолорун кайдан жана канчадан алсак болот