Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 07:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Айыл чарба министрлиги январь айында 84 даана техника лизингге берген

11.02.2025 14:11
175
Айыл чарба министрлиги январь айында 84 даана техника лизингге берген


Жыл соңуна чейин дыйкандарга 4,5 миллиард сомго 1200дөн ашык техниканы лизингге берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2011-жылдан бери 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникалары берилүүдө.


"Мамлекеттин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан лизинг долбоорлору аркылуу бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 18,2 миллиард сомго 7 118 техника дыйкандарга берилди. Анын ичинен 2025-жылдын январь айында 402,8 миллион сомго 84 техника берилген. Ошондой эле 2025-жылы жалпы лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 миллиард сомго 1200дөн ашык техника берүү пландалууда", — деп айтылган маалыматта.


Айыл чарба техникалары 6 пайыз менен жети жылдык мөөнөткө банктар аркылуу лизингге берилип жатканы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн