Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 18:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштерине күйүүчү май жетиштүү экенин билдирди

29.05.2023 14:45
348
Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштерине күйүүчү май жетиштүү экенин билдирди


Кыргызстанда жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишер маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстандагы нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель майы жана автобензин жетиштүү көлөмдө. Ал эми жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу майга болгон муктаждык 42,2 миң тоннаны түзөт.


«Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель майы жана бензин жетиштүү. Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо максатында министрлик менен Ассоциациянын ортосунда өз ара түшүнүшүү келишимине кол коюлган», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн