Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 07:13
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Айыл чарба министрлигинин адистери курултайдын делегаттарынын маселелерин жеринде чечүүгө жардам беришүүдө

20.12.2024 11:56
157
Айыл чарба министрлигинин адистери курултайдын делегаттарынын маселелерин жеринде чечүүгө жардам беришүүдө


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери курултайга келген делегаттардын маселелерин жеринде чечүүгө жардам берүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрликтин кызматкерлери курултайдын делегаттарынын кайрылууларын угуп, тиешелүү адисттер бардык суроолор боюнча жооп берүүдө.

"Делегаттардан көбүнчө таза суу, асыл тукум мал чарбачылыгы, ветеринардык кызматы жана кайра иштетүү тармагы боюнча кайрылуулар түшүүдө", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай башталды. Курултайга 700 делегат келди. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер.

Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн