Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Германиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен дүйнөлүк деңгээлдеги Интертек лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап кызматташтыкты улантуу жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы лабораторияларды мамлекеттик жеке кызматташтык аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Маалымат үчүн, интертек лабораториясынын өндүрүүчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга Эл аралык тамак аш коопсуздугунун талаптарына ылайык лаборатордук анализдер боюнча кызмат көрсөтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн