К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму өтүүдө.
Форумдун жүрүшүндө республика боюнча айыл чарба багытынын дыйканчылык, жер иштетүү тармагы боюнча жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн 16 ишкер дыйкан өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Өлкөбүздүн айыл чарбасынын чемпиондору аталган дыйкандар форумдун катышуучуларына ийгилик сырлары менен бөлүшүп, тажрыйбаларын ортого салышууда.
Форумдун алкагында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүп, ишкерлер үчүн бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын чет өлкөргө сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган аянтчалар уюштурулган.
Айыл чарба багытынын алдыңкыларын уюштуруучулар кызыл килемден өткөрүп, салтанаттуу түрдө тосуп алышты.
Эске салсак, Суу ресурстары, айыл чарба чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган "АгроДиалог- 2025” агроөнөр жай форумунун биринчи күнү өсүмдүк өстүрүү боюнча талкуу, экинчи күнү мал чарбасы боюнча талкуу, үчүнчү күнү 30-январда кайра иштетүү жана экспорт боюнча талкуу болмокчу. “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун жыйынтыктоочу бөлүгү 31-январда А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн