Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча кыргыз-кытай онлайн бизнес-форуму өттү

22.07.2022 17:52
649
Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча кыргыз-кытай онлайн бизнес-форуму өттү


Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча кыргыз-кытай онлайн бизнес-форуму, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын компанияларынын ортосунда B2B форматында жолугушуулар уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 200дөн ашуун кытайлык жана кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан жабдыктарды, айыл чарба максаттары үчүн атайын техникаларды, анын ичинде күнөскана технологияларын, ирригациялык системаларды жана интеллектуалдык айыл чарба системаларын өндүрүү боюнча компаниялар катышты, ал эми кыргыз тараптан негизинен айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана экспорттоочулары болгон.

Иш-чарада Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова, КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов, КРнын Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев жана СУАР Кытай Эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Ан Тао сөз сүйлөштү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров облустун өзгөчө жеңилдетилген салык жана инвестициялык режими жөнүндө, ошондой эле Баткен облусундагы өнөр жай, айыл чарба, соода-логистика жана башка тармактардагы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорго токтолду.

Мындан тышкары, кыргыз тарап өлкөнүн инвестициялык потенциалы, агро-өнөр жай кластерин өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо тууралуу маалымат берди.

Кытайлык өнөктөштөргө Кыргызстандын жетекчилигинин жана КР министрлер кабинетинин чет элдик инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртууга, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларга жана инвестициялык саясатты либералдаштырууга бекем ниети берилди.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин кыргыз жана кытай компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда B2B форматында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ишканалар түз байланыштарды түзүп, мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашты.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги, КР Тышкы иштер министрлиги, КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиги, ошондой эле Кытайдын «Хуахэ Интернэшнл» бизнес-консалтинги тарабынан уюштурулуп, КР ТИМнин экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча ишинин алкагында өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн