Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айыл чарба жерлерин пайдалангандар 3 жылдык салыктан бошотулду

25.03.2022 14:09
597
Айыл чарба жерлерин пайдалангандар 3 жылдык салыктан бошотулду

Дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыкты төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.


Алсак, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындыгы токтомуна ылайык, 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленди.


Чечим КР президентинин "Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана дем берүүнүн таасирдүү чараларынын бири болуп саналат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн