Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Айыл чарбаны, айылдык ишкерлерди колдоого мындан ары олуттуу көңүл бөлүнөт, - Президент (фото)

04.08.2020 12:29
1084
Айыл чарбаны, айылдык ишкерлерди колдоого мындан ары олуттуу көңүл бөлүнөт, - Президент (фото)


Президент Сооронбай Жээнбеков сапаттуу жана атаандаштык жарата алчу продукцияларды өстүрүү боюнча фермерлердин күч-аракетин бириктирүүгө өбөлгө болгон айыл чарба кооперациялары боюнча демилгелерди колдоонун маанисин белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай пикири менен мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Заря» үрөнчүлүк боюнча айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда бөлүштү.

Сооронбай Жээнбеков жаратман эмгеги жана айыл жеринде жумушчу орундарын түзгөндүгү үчүн «Зарянын» жетекчиси Иван Чернышка ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары аталган чарба ак ниет салык төлөөчү болуп саналат жана райондун, жалпы эле республиканын экономикасынын өнүгүшүнө сезилерлик салымын кошуп келет. Ошондой эле ар жыл сайын Теплоключенка айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө демөөрчүлүк жардам кылып, аларды жалпы суммасы 400-450 миң сомго айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыз кылат.

«Айыл чарбасын өнүктүрүүгө, айыл жериндеги ишкерлерди колдоого мындан ары дагы олуттуу көңүл бөлүнөт», - деп баса белгиледи мамлекет башчысы жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн өлкөнүн каржы институттары тарабынан берилүүчү жеңилдетилген каражаттардын жеткиликтүүлүгүн белгилеп өттү. Ошону менен бирге өлкөнүн агрардык секторун өнүктүрүү үчүн бир катар кемчиликтерди жоюу зарыл.

«Заря» айыл чарба кооперативи Ысык-Көл облусун камсыз кылган буудай менен арпанын жакшыртылган сортторун өстүрүп келе жатат. Муну менен катар сугаруунун жаңы технологиясы колдонулууда.

Мындан сырткары, кооператив немец компаниясы менен кызматташууда картошканын жогорку сортун өстүрүп, аны жергиликтүү фермерлерге таратат.

Көп жылдык өндүрүштүн натыйжасында кооператив 2014-жылы «Кыргызстандагы алдыңкы салык төлөөчүсү» деп таанылып, бюджетке салым кошкондугу үчүн атайын белги менен сыйланган. Мындан сырткары, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кооперативге «Асыл тукум мал чарбасы» аттуу макам ыйгарылган. Бул жерде кой, уй, топоз жана жылкы багылат.

Бүгүнкү күндү кооперативде 172 адам эмгектенет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн