Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Айылчы Сарыбаев: Кыргызстандагы радикализм жакшылыкка алып барбайт

21.06.2021 11:14
1101
Айылчы Сарыбаев: Кыргызстандагы радикализм жакшылыкка алып барбайт

Бээ десе төө дегендер көбөйдү. Өткөндө жаздым эле. Булар иезуиттерге окшоп сылык сыпаа Каныбек Осмоналиевичти да сөзгө сындырууга аракет кылып жатышпайбы.Теорияны билбесең каяктагы практика. Элдин жарымынан көбү жашоо деӊгээли төмөн болсо, жалкоо кыргыз балдарына даваттан артык жумушу жок болсо, сакалын сылап коюп салкын мечитке отуруп алып намаз окугандан башка эмне керек. Мал багат, эгин айдайт деген түшүнө да кирбесе. Кыргыздар традициялуу сүннөт багытындагы мусулманчылыкка моюн сунган эл. Азыр көп секталуу болуп кетти. Тилекке каршы, УКМКнын 10-бөлүмүндөгү балдар өтө эле жумшактык кылып жатышат окшойт. Акыры радикализм жакшылыкка алып келбейт. ЖОЖдорду жамандап мечиттерди мактап отурушат. АКШнын Борбор Азиядагы террорду уюштуруу иши үчүн чоӊ куралы ушулар. Тынч мусулман кыргыз эли чоӊ алааматка учурашы мүмкүк. Каныке! Маселени туура козгогонсуӊ. Бул маселе тегерегибиздеги бардык өлкөлөрдүн тынчын алууда. Буга жалпы эл үчүн дегендер кошулбаса болбойт.


Айылчы Сарыбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн