Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Айылчы Сарыбаев: Жаңы шайлоонун этинен иткели көп болот

28.07.2021 13:18
1234
Айылчы Сарыбаев: Жаңы шайлоонун этинен иткели көп болот

Жаңы шайлоо мыйзамы керек беле?

Жаңы шайлоонун этинен иткели көп болот! Иткелдин арасынан эт издейбиз. Эгер табылса жакшы. Табылбаса иткелге ыраазы болобуз. Эптеп-септеп партиялык системага өттүк эле. Анын да ашмалтайын чыгарып салып эми суррогатка өтсөк жыргамак белек. Тегерегибиздеги мамалекеттер алдыга жылууга аракет кылып жатат. Биз болсо кошок айткандан башканы билбей калдык окшойт. Парламенттеги бир адамдын сунушу менен мыйзам кабыл алса болобу?


Фракциялардын парламенттеги орду менен бир адамдын ордун салыштырып элестете аласынбы? Ар бир региондон бирден депутаттын кереги жок. Региондун проблемаларын региондордун парламентине бериш керек. Республиканыкы республикалык масштабдагы маселелрди чечиш керек. Же бул принцип таптакыр иштебей калганбы? Ар ким өз мектебине туалет салып бер деп Финансы министрине тапшырма берип жатып ашмалтай кылганын билбейсинерби? Партиялардын пайда болуу тарыхы жана функциялары жөнүндө кимдир бирөөлөр түшүнөбү? Деги эле мамлекет деген эмне жана анын негизги функциялары жөнүндө түшүнүк барбы? Жергиликтүү бийлик менен борбордук бийликтин кан жини аралашып калганын билесинерби? Кыргызстанда кыргыздан башка эл жок калганбы? Калгандары 60% түзөт. Булар дагы эмненин ичинен чыгаар экен деп карап турганы оюнарга келеби? Жылмайып карап турушат. 20-30% кыргыз 30 жылдан бери мамлекет кура алдыңарбы деп? Курсаңар ал мамлекет эмне деген мамлекет болуп калды? Илгери бирөө "Ефрейтор" деген эмне наам деп сураса "Бул испорченный солдат, недоделанный сержант" деп жооп берген тура. Ыраматылык Үсөн аке да кайтыш болуптур. Арты кайрылуу болсун, жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Жакшы адам эле. Баарыңарга аманчылык.


Айылчы Сарыбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн