Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Айылдарда жеке коргонуу каражаттары жете элек ФАПтар бар

04.08.2020 19:31
1053
Айылдарда жеке коргонуу каражаттары жете элек ФАПтар бар


Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесин өткөрдү, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Өкмөт башчысы коронавирус инфекциясына кабылган оорулуулардын санын жана илдеттен каза болгондордун көрсөткүчүн кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Учурда оорулуулардын жана илдеттен каза болгондордун көрсөткүчү төмөндөп жаткандыгы байкалууда, бирок айрым аймактарда абал татаал бойдон калууда. Республиканын жалпы аймагы боюнча, анын ичинде жагымдуу эпидемиологиялык абалга ээ болгон райондордо да бардык санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлүшү зарыл. Көчөдөгү, коомдук жайлардагы жана имараттардагы маска режими, социалдык обочолонуу милдеттүү түрдө сакталышы керек! Калк дагы, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары дагы көзөмөлдү сактап, алдын алуу жана коопсуздук чаралары сакталсын», - деди Кубатбек Боронов. 

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, россиялык дарыгерлер делегациясынын сунуштамаларына ылайык, «Семетей» обсерваториясынын аймагында лабораториялык кызматты уюштуруу боюнча даярдык иштери башталды. 

Кеңешменини күн тартибинде медициналык мекемелерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселеси каралды. 

«Медициналык мекемелерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо иши жетишсиз жүргүзүлүүдө. Айылдарда фельдшердик-акушердик пункттар бар, ал жерлерге жеке коргонуу каражаттары жеткириле элек. Мындай болбошу керек. Бардык медициналык мекемелер жеке коргонуу каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалышы тийиш. Биз ар-бир районду текшеребиз. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот», - деди ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн