Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:58
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айып пул гана көзүнө көрүнүп, чектен чыккан Патрулдук милиция Айзаданын өлүмү үчүн жооп береби?

08.04.2021 12:17
1806
Айып пул гана көзүнө көрүнүп, чектен чыккан Патрулдук милиция Айзаданын өлүмү үчүн жооп береби?


Бишкектеги чок ортосунан чак түштө уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү табылды. Милиция аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун маалымдады.


Бул окуя ИИМдин шаалакылыгын далилдеп, милиция жарандардын коопсуздугу үчүн такытуу иштей албай калганын тастыктады. Коомчулукта ИИМдин азыркы жетекчилерине нааразычылык күчөп, министр Улан Ниязбеков менен Бишкек шаарынын милиция башчысын кызматтан кетишин талап кылууда.


Чынында акыркы кездери коомдук коопсуздук экинчи планга чыгып, бул ишти аткарууга милдеттүү болгон Патрулдик милиция элге айып салуу менен гана алек болуп калды. Маселен, эл көп топтоло турган базарларга, соода борборуна жакын жерге кагазын көтөрүп, обочо токтой калган унааларга жете келип, олчойто айып салууда. Эртеден кечке “майлуу” жерлерди шыкаалап, таягы менен кагазын көтөрүп элдин “канын сорууда”. Булардын милдети эмне айып салуу элеби? Унаа токтой турган жер жок, адамдарга тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Муну билип туруп “зөөкүр” болуп жатабы? Же айып пулдан түшкөн акчадан ала турган бонустары уктатпай жатабы?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Бакыт
Шабашка - это святое!
Аза
Өзүң зөөкүр, маалыматты тууралап так жаз
Мирбек
Бул куйгузду протокол жаза берип, же токтой турган жер шарт жок акмактар!
Бек
буга кайдыгерлик себеп болду