Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Айлык акысын бербей жүргөн. Ош шаарында Кытай жараны жетекчисин өлтүргөн

09.11.2022 10:03
338
Айлык акысын бербей жүргөн. Ош шаарында Кытай жараны жетекчисин өлтүргөн


2022-жылдын 8-ноябрь күнү саат болжол менен 10.00 чамасында Ош шаарынын А.Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” аталышындагы мейманканасында Кытай Республикасынын жараны 1978-жылы туулган Д. Ж. Аттуу жараны адам колдуу болуп каза болгон. Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши, Кытай Республикасынын 1980-жылы туулган жараны К. П. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирген. Тагыраак айтканда, шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмсөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат. 


 Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


Окуя боюнча ошол жерде жашашкан маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралышты.  


2022-жылдын 8-ноябры күнү Кытай Эл Республикасынын жараны 1980-жылы туулган К. П. адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.     


   Иликтөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.


 

                 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн