Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аймактар аралык кастыкты козуткан адам кармалды

27.03.2020 14:10
878
Аймактар аралык кастыкты козуткан адам кармалды


“Фейсбук” аркылуу аймактар аралык кастыкты козутуучу провокациялык пост жайгаштырган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коппсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Бает айылынын тургуну, 1981- жылы туулган К.М.К. кармалган. 


Аталган факт 313-берененин 1-бөлүмү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы кабарланды.


Учурда тиешелүү экспертизалар тартылып, тергөө уланып жатат.


УКМК эскертет, аймактар аралык кастыкты козутуучу мындай мүнөздөгү провокациялык жана башка маалыматтарды жайылткандар үчүн КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн