Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аймактар менен санарип диалогдон фоторепортаж

05.06.2020 09:04
1003
Аймактар менен санарип диалогдон фоторепортаж


Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 4-июнда өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санарип диалог өткөрдү.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери жана аймактардагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар  талкууланды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев менен билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү, аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентация жасашты.

Аймактардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртууга багытталган санарип долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти.

Ошондой эле жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн