Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аймактарда өзүм билемдик менен орнотулган посттордун иши жөнгө салынат

07.05.2020 12:19
914
Аймактарда өзүм билемдик менен орнотулган посттордун иши жөнгө салынат


Айылдардагы жергиликтүү бийлик органдарынын, же жергиликтүү тургундардын чечими боюнча орнотулган карантиндик посттордун иши жөнгө салынышы керек. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирген.


Маалыматка ылайык, отурумда мындан ары жергиликтүү бийлик органдары Өкмөттүн, штабдын кабыл алынган чечимдерине каршы келген аракеттерге жол бербеши жана өз билдирүүлөрүндө этият болуусу керектигин айтылган.


Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдик иш-аракеттерге дал келген учурларды эске албаганда, бир дагы жарандан облус, шаар, район же айылга кирүүдө короновируска тест тапшыргандыгы тууралуу маалымдама талап кылынбашы керек. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары штаб кабыл алган чечимдерди толук көлөмдө жана сапаттуу ишке ашыруусу жана тармактык кызматтардын бекитилген сунуштамаларын жетекчиликке алуусу зарыл. Ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик алат. Ошол эле учурда штабдын чечимдерине карама-каршы келген ашыкча алдын алуу чараларына жана өзүм билемдикке жоопкер жактар жол бербеши керек. Чечимдер объективдүү, колдо болгон шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө ылайык кабыл алынып, кандайдыр-бир коррупциялык тобокелдиктерге шарт түзбөшү керек. Мындай окуяларга экинчи жол берилбесин, - деген биринчи вице-премьер-министр.


Кеңешменин жүрүшүндө айылдарда орнотулган постторго тийиштүү маселе талкууланган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ишин ирээтке келтирүү тапшырылган.


Айылдардагы аталган карантиндик постторго байланыштуу көптөгөн нааразычылыктар жана арыздар түшүүдө. Түшүп жаткан маалыматтарга ылайык, алардын айрымдары опузалоо менен алектенүүдө. Бизде аталган посттор айылдарды аралап өтүүдө жарандарды кармап, өткөрбөй жаткан учурлар бар. Райондордун акимдери укук когоо органдары менен биргеликте посттордун ишин тартипке келтирүүсү зарыл, керек болгон учурда алардын ишине тийиштүү көзөмөл жүргүзүү үчүн участкалык милиционерлерди тартуусу зарыл, - деген Кубатбек Боронов.


Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн эпидемиологиялык абал боюнча маалыматтары угулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн