Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт, - 9-июлга карата аба ырайы

09.07.2020 09:11
1310
Аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт, - 9-июлга карата аба ырайы


Бүгүн, 9-июлда күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет:

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1621, күндүз 2833;

Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 2732;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1823, күндүз 2934;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 1924;

Нарын облусунда түнкүсүн 914, күндүз 1924;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2+3, күндүз 813 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1820, күндүз 31…33 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн