Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аймактардагы эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыкпаш керек

28.07.2020 18:41
935
Аймактардагы эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыкпаш керек

Аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга персоналдуу түрдө жооп берет. Күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратат деп, бошоңдоп калбастан, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн буга чейин белгиленген иштерди жүргүзүүнү улантуу керек. Өзгөчө илдеттин кесепетинен каза болгон учурлардын алдын алуу боюнча жумуштарды күчөтүү зарыл.

Жыйында эксперттер жана адистерден турган топ тарабынан иштелип жаткан дарылоонун жаңы протоколу тууралуу маалымат берилип, өкмөт башчы коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасын эске алуу керектигин айтты. 

Ошондой эле Кубатбек Боронов мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ооруканаларга керектүү жабдууларды алып келүү иштерин күчөтүүнү милдеттендирди.

«Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография, рентген аппаратын сатып алуу боюнча иштерди катуу көзөмөлгө алуу шарт. Ошондой эле COVID-19 инфекциясын жугузуп алган жарандар дарыланып жаткан ооруканаларда кышкысын аба айланып туруш үчүн рециркуляторлор орнотулууга тийиш», - деп кошумчалады премьер-министр.

Жыйындын соңунда Кубатбек Боронов Саламатттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине эпидемиологиялык кырдаалдын кийинки баскычына жана илдеттин болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна терең талдоо жүргүзүүнү тапшырды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн