Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет

02.07.2020 08:44
1016
Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет

Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча, борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете. Азыр алардын саны Бишкек шаарында жетишсиз болууда. Көпчүлүк медицина кызматкерлери башкалардын өмүрүн сактайм деп жатып вирусту жугузуп алышты.  

Ошондуктан биз башка аймактардагы дарыгерлерди кыйноо менен алып келе албайбыз, эгерде өз ыктыяры менен көмөктөшөм десе, бизге чоң жардам бергендик болот. Ошол эле учурда дарыгерлерге июнь айына берилүүчү бардык кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин эскертем. Ошондой эле кошумча төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап чыгуу керек", - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө кыргызстандык жарандарды Соль-Илецк (Россия Федерациясы) шаарынан алып келүү маселеси каралды. Жакынкы күндөрү алар мекенине кайтарылат.

Өкмөт башчы лабораториялар үчүн керектелүүчү материалдарды сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары облустардын жетекчилери өздөрүнө бекитилген аймактарда Бишкек шаарынын мисалында көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн