Өлкөнүн бардык райондорундагы күндүзгү стационарларда
кошумча керебет-орундуктарды даярдоо боюнча иштерди улантылууга тийиш, ошону
менен ооруканалардагы орундардын резервин түзүү керек. Бул тууралуу премьер-министр
Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын онлайн режиминде өткөн жыйынында
билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, бул иштерди элдин санына жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга карап уюштуруу зарыл.
Ал учурда коронавирус инфекциясы Бишкек шаары жана Чүй облусунда тездик менен тарап жатканын эске салды.
«Жарандардын илдетти жугузуусун алдын алуу үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар кабыл алынууда. Учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен бардык аймактар коронавирус инфекциясы же өпкөнүн сезгениши аныктамасы коюлган жарандарды кабыл алууга даяр болушу шарт. Калкка ыкчам жана ар тараптуу квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча орундарды, адистерди жана керектүү дары-дармектердин комплексин алдын ала даярдоо керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Штабдын жыйыны учурунда тармактык министрликтер жана ведомстволор коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенүүсүнө чалдыккандарды дарылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ооруканаларда орундарды көбөйтүү иштери жана call-борборлордун иштери боюнча маалымат беришти.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу отчет беришти.
Премьер-министр Кубатбек Боронов республика боюнча бейтаптар үчүн орундар фондун көбөйтүп, өлкөнүн ар бир районунда өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн күндүзгү стационарларды уюштурууну улантууну тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн