Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык, балдарды колдоо жаатында 22 милдет жана 30 чара аныкталган.
Кеңешмеге тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн Аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышкан.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жетишилген максаттар жана балдарды комплекстүү колдоого алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жаатында алдыга коюлган иштер тууралуу отчет беришкен.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоого алынбаган балдарды документтештирүү процессинин жүрүшү, жеке идентификациялык номерлерди ыйгарууга арыздарды координациялык түрдө кароо, жеке идентификациялык номерлерди ыйгаруу тутумун жөнөкөйлөштүрүү боюнча мындан аркы жүргүзүлчү иштер тууралуу маалымат берген.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти күчтөндүрүү чечими кабыл алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн