Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Аймактарды өнүктүрүү үчүн эмне тоскоол болуп жатат?

12.06.2020 11:48
1190
Аймактарды өнүктүрүү үчүн эмне тоскоол болуп жатат?


Жашоо-шартын жакшыртып алууну каалаган кыргызстандыктардын көпчүлүгү, асыресе жаштары Россия, Казакстан, АКШ, Италия, Корея, Дубай сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт. Ал жактарга буту жетпегендеринин баары Бишкек шаарында. Азыркы тапта борбор калаабыздагы курулуш иштерине тартылган жумушчулардын дээрлик 90%ы республиканын булуң-бурчунан келгендер. Сырткы жана ички миграция күчүндө.


«Убактылуу иштеп алып, кайра кетем» деген мекендештерибиздин көпчүлүгү 15-20 жылдан бери кайра кайтып келе албайт. Себеби, «Кыргызстанга келсем эмне иш кылам?» деген суроо жүрөгүн өйүйт. Ошол сыяктуу эле борбор шаарыбыз Бишкекке «убактылуу» деп аймактардан келген жарандардын көпчүлүгү туруктуу жашоочуга айланды. Натыйжада аймактарда негизинен кары-картаңдар гана калып келет.


Эмнеге? Бир гана себеп – айылдарда жумуш орундарынын жоктугу. Мына ушундай кырдаалда мамлекет башчысынын жарлыгы менен үчүнчү жыл катар аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып келет. Албетте, максат-тилек абдан жакшы. Бирок, бул багытта иштер жакшы жүрбөй жатканын президент өзү да жыйындардын биринде белгилеген.


Тээ өткөн кылымдын 70-80-жылдарындагы Фрунзе шаары менен азыркы учурдагы Бишкек шаарынын айырмасы асман менен жердей. Мурда «жашыл шаар» деген сыймыктуу атка ээ болгон борборубуз учурда баш-аламан өнүгүп жаткан ири мегаполиске айланып баратат. Кайда караба чаржайыт курулуп жаткан көп кабаттуу имараттар. Экологиялык жана социалдык көйгөйлөрү жетиштүү. Ал эми республикабыздын башка шаарлары тууралуу мактанарлык кеп да кыла албайбыз.


Советтер союзунун ураганына 30 жылга чукулдады. Ал доордо көпчүлүк ишканалар союздук республикаларга эмес. Өздөрүнүн салыктык, социалдык жана башка төлөмдөрүн, ошондой эле бардык тапкан кирешелерин союздук бюджетке багыттап турушкан. Анан кайра ал жактан каражаттар СССРдин бардык региондорун өнүктүрүүгө бирдей бөлүнүп келген. Ошого жараша союздук республикалар «Москва эмне дейт болду экен?» деп кылчактап карап турганды адатка айланткан.


Андан бери оңой эмес убакыт өттү. СССРдин курамында болгон бир топ республикалар өздөрүнүн башкаруу, экономика, укуктук системаларын ыңгайлуу жолго салып кетишти. Андай жолду таба албай жаткандары да көп. Ошолордун катарында тилекке каршы Кыргызстанда бар.


Мамлекетти өнүктүрүү үчүн борбор менен аймактардын ортосундагы баланс сакталганда гана ийгилик жарала турганын башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көргөзүп жатат. Баланстын сакталышы мамлекеттин ресурстарын оптималдуу пайдаланууга, финансыны жана өндүрүштү приоритеттүү багыттарга бурууга мүмкүнчүлүк берет. Демек, мамлекет башчысынын аймактарды өнүктүрүү багытындагы демилгеси региондордун идеологиялык платформасы болушу керек эле. Тилекке каршы, андай боло албай келет.


Мамлекетибизде борбордук жана региондук бийликтердин ортосундагы ыйгарым укуктарында, ресурстарында жана мыйзам демилгелөө укуктарында ачык эле баланс сакталган эмес. Бардык маселени мурдагыдай эле борбор чечет, региондор өз алдынчалык потенциалынан ажыраган. Өз алдыларынча кандайдыр бир социалдык-экономикалык долбоорду ишке ашыра алышпайт, же ага каражат жок. Жергиликтүү бюджет күнүмдүк чыгымдарына өп-чап жетет. Себеби, жергиликтүү салыктарды чогултуу көлөмү аз. Натыйжада «өгүз өлбө, араба сынба» саясаты.


Эмне кылуу керек? Административдик реформа жүргүзөт десе эле, райондорду же облустарды кыскартып салып, жаңы айыл аймактарын түзүү деген өнөкөт эске келбеш керек. Андан көрө жергиликтүү бийлик түзүү үчүн региондорго реалдуу ыйгарым укуктарды берүү зарыл. Кош деңгээлдеги бюджетке коркпостон эле өтө берсек болот. Колунда өзү билип колдоно ала турган каражаты бар аймактык бийлик кайсы бир долбоорду жүзөгө ашырууга ишеними да болот. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өздөрү да сырттан инвестор таап, өздөрүнүн чечими менен регионду өнүктүрүүгө чечкиндүү аракеттерди жасай ала тургандай болушу шарт. Болбосо, бизде кайсы бир аймакка чакан ишкана куруш үчүн деле борбордук бийликтин көзүн карамай бар.


Муниципалдык аймактардын экономикалык таянычы – бул шаарлар болушу керек. Анда активдүү өнүгүп жаткан өнөр жайы болушу шарт. Анан дагы билим берүү, маданий жана финансы институттарынын болушу маанилүү. Райондук борборлорду айылдан шаарга айланта турган убакыт келди. Ал шаарларда чыныгы шаардык маданият жана шаардык жашоо болушу кажет. Өнөр-жайы, өндүрүшү, маданият, билим берүү институттары бар аймактардагы шаарлар болсо, анда баарыбыз бир эле Бишкекке тыгылып отурбайт калабыз. Себеби, жумуш орундары бар, кызыктуу маданий жашоосу бар чакан шаарлардан да өз келечегин көрө алгандар арбын болот. Аймактарды өнүктүрүүнү чын эле кааласак, анда ишти ушул багытта тездетүүнү колго алуу зарылчылыгы бар. 


Канатбек Аскаров 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн