Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Орозбаева Айнура Жантаевна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды.
Министрликке караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун директору болуп Сейдалиев Рысбай Көчкөнбаевич дайындалды.
Эмгек министри Равшанбек Сабиров жаңы жетекчилерди эмгек жамаатына тааныштырып, аларга ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн