Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:43
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Айнуру Алтыбаева: Кумтөрдүн бир да күн токтоп калуусун каалабайбыз (маек)

25.03.2021 10:11
935
Айнуру Алтыбаева: Кумтөрдүн бир да күн токтоп калуусун каалабайбыз (маек)


Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип, учурда каралып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал 2012-жылкы депутаттык комиссиянын, 2013-жылкы мамлекеттик комиссиянын да мүчөсү болгон.

- Маектин башында маалымат катары Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын негизги миссиясы тууралуу айтсаңыз.


- Башында Кумтөр маселеси боюнча депутаттык комиссиясы деп түзүлгөн, андан кийин өзгөртүлүп, мамлекеттик комиссия деген статус берилди. Буга чейин 2012-жылы депутаттык комиссия, 2013-жылы мамлекеттик комиссия иш алып барганы белгилүү, ал экөөнө тең мүчө болгом. Алар боюнча Жогорку Кеңештин бир катар токтомдору чыккан. Ошолордун кайсы беренелери аткарылды, кайсы беренелери аткарылган жок жана эмне себептен аткарылбай калды, ар бирин бирден карап чыгуудабыз. Экология боюнча проблемаларды эң негизги приоритет катары кароону биринчи отурумда эле чечтик. Депутаттар үчкө бөлүндүк – экология боюнча бир топ, экономика, финансы боюнча бир топ жана укуктук, юридикалык маселелер боюнча бир топ болуп.

- Ишти эмнеден баштадыңыздар?  

- 18-мартта комиссия менен алтын кенди жеринен көрүп келдик. Ал жердеги абал менен жакындан тааныштык. Эми алтын деген бул түгөнө турган кен да. Казып кеткенден кийин жок болот. “Кумтөрдү” иштетип жаткан канадалык “Центерра” компаниясы алтындарды казып чыгып кеткенден кийин бул аймактагы андан кийинки экологиялык маселе кандай болот, анын ордун кантип толуктасак болот? Балким экологиялык парк, экологиялык зона катары иштете алабызбы, деген маселени карадык. Себеби, бул аймак какыраган талаа бойдон калбашы керек. Мындан тышкары, фабрикадан чыккан зыяндуу калдыктарды сактоочу жайдагы эрежелердин аткарылышын жана башка жаратылышка таасири бар жагдайларды карап чыгуудабыз.

- Ошол кездеги комиссиялардын кайсы чечимдери аткарылып жатканын биле алдыңыздарбы?

- 2012-2013-жылкы комиссиялардын антикоррупциялык, экологиялык экспертизага негизделген жакшы чечимдери бар болчу. Ошол кездеги Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөттөргө Жогорку Кеңеш тарабынан көп тапшырмалар берилген. Мисалы, келишим 50-50 пайыз үлүш менен кайра түзүлүп, биргелешкен ишкана болсун деген сыяктуу. Биз менен барган тажрыйбалуу эколог Динара Кутманова 2012-жылдарга салыштырмалуу азыркы тапта экологиянын сакталышы боюнча жылыштар бар экенин айтты. Ошондой эле ал калдык сактоочу жайдын жылып кетпеши үчүн кошумча бекемдөө иштерин, мөңгүлөргө жана көлдөргө зыян келтирбеш үчүн көрүлгөн чаралар жакшырганын белгиледи.

- Ал жердеги жумушчулардын шарттары кандай экен? Кендин мындан аркы иштешине көз караштары кандай?

- Албетте, ишке тартылган жергиликтүү жумушчулар менен сүйлөшүүлөр болду. Кызыгы алар айлыктардын көлөмүн айтышкан жок. Бирок эмгек акыларынын суммасына ыраазы экен. Ал жерде иштеген айдоочу менен сүйлөшүп калсам ал айтат: “Кумтөр ачылгандан тартып 25 жыл иштедим, жакында пенсияга чыгам. Мен ыраазымын, бизге шарт түзүп, жагымдуу график коюп беришет, сунуштарды эске алышат” деп. Баары тең эле жакшы пикирде экен. Биз деле фабриканын бир күн да токтоп калуусун каалабайбыз. 2012-жылдары кенде көбүнчө Канададан тартылган кызматкерлер иштечү, азыр 96 пайыз кыргызстандыктар иштейт экен. Ар бир кызматкердин артында үй-бүлөсу турат. Андыктан алардын жумушсуз калуусун көздөгөн жокпуз. Бирок биз дагы мамлекеттин келечеги үчүн бир тараптуу талаптарды коюп жатабыз. Мисалы, мен кенди өндүрүү үчүн пайдаланылган чоң көлөмдөгү сууну сатып алууну сунуштадым. Мөңгүдөн, Петров көлүнөн алынган сууну карасаңыз, таптаза, тим эле туптунук. Мына ушул тонналап иштеткен суу үчүн бир тыйын төлөбөйт экен. Суу дагы ресурс да, ошондуктан мен сөзсүз акча төлөнүшү керек деген маселени койдум. Кумтөр эле эмес, деги эле ар бир кенде пайдаланылган суу үчүн төлөнүшү керек. Мейли инвестор иштетеби же жергиликтүү ишкер болобу, алтын чайкоо процесстери үчүн пайдаланылган суу бекер болбош керек. Бирдиктүү тариф болушу зарыл. Себеби суунун же газдын, электро энергиянын баасы бар да. Баарыбыз сатып алабыз дегендей.

- “Центерра” дагы 10 жылга жете тургандай алтын кени бар экенин өз отчетунда айтты, демек канча тонна алтын бар?

- “Центерра” 2031-жылга чейин иштейбиз деген максатты көздөп жатат. Кен иштетүүнү жөндөн-жөн улантабыз деп айтпайт да. Демек, изилдөөлөр, эсептөөлөр болгон.

- Азыркы келишим боюнча Кыргызстандын үлүшү 26 пайыз деген маалымат бар. Пайыздык үлүшүн жогорулатуу боюнча талаптар коюлабы?

- Экономикалык топ сөзсүз түрдө финансы жагын эсептеп чыгабыз. Салык канча төлөйт, дивидент канча, “Ысык-Көл өнүктүрүү” фондуна канча которот, дагы башка фонддорго акча которуулары бар экен. Ошолордун бардыгы эсептелип, иреттелип чыккандан кийин ошого жараша жыйынтык чыгарабыз.

- Өз көзүңүз менен көрүп келген депутат катары айтсаңыз, мөңгүлөрдүн абалы кандай экен?

- Эми экология бул – дүйнөлүк проблема. Дүйнө жүзүндө климат  өзгөрүлүп жатат. Бизде дагы бул көйгөй бар. Мисалы, Бишкекти деле айтсак смог пайда болду, авто унаалар көп. Абаны тазалап туруучу каражаттар жок. Албетте, Кумтөрдө дагы мөңгүлөрдүн ээрип жатышына себепчи болгон жагдайлар бар экенин тана албайбыз. Кийин бос талаага айланып калбай, жаныбарлар мекендеген, өсүмдүктөрдүн түрү өскөн аймак катарында калса экен деген тилектебиз. Бул боюнча сөзсүз түрдө өз талаптарыбызды коёбуз.

- Комиссия азыркы 6-чакырылыш тарап кеткенге чейин корутундусун берип жетишип калабы?

- Ооба, маселелерди терең карап, убакытты өтө созбогонго аракет кылабыз. Өкмөттөн биз берген талаптар боюнча эсептөөлөр, маалыматтар келсе, менимче 1-1,5 ай ичинде комиссия өзүнүн ишин жыйынтыктап, отчёт берет деп ишенем. Эл үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн келишим боло турган натыйжалуу корутунду алып чыгабыз деген үмүттөмүн. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жээнбек
Лапшаны кулака илбегиле Эл ишенбейт силерге садыр да сатылды кумторго