Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айпери Медет кызы Алматыда өткөн рейтингдик мелдеште алтын медаль тагынды

03.06.2022 21:43
1187
Айпери Медет кызы Алматыда өткөн рейтингдик мелдеште алтын медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.


Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 76 кг салмакта катышты. Жарым финалда Айпери ышкырык жанганда эле индиялык спортчунун белине өтүп, үч-төрт жолу айлынтып, мөөнөтүнөн мурда (10:0 эсебинде) жеңишти илип кетти.


Финалда кыргыз кызы египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөшүп, атаандашын 17:6 эсебинде утуп чыкты.


Эскерте кетсек, аталган турнирде Акжол Махмудов (82 кг) алтын медаль, Жоламан Шаршенбеков (63 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Ильяс Ренат уулу (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) коло байгеге татыган.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн