Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону аталды

06.10.2023 17:21
1201
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону аталды


Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын медаль багындырып, чемпион аталды.

Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, 7:4 эсебинде жеңишти илип кетти.

Аталган мелдеште кыргыз балбаны 76 кг салмак ченинде катышып, алгачкы атаандашы кытайлык Хуан Ванды 2:1 эсебинде жеңип, 4/1 финалга чыккан.

Андан соң Медет кызы вьетнамдык спортчу Тхи Линь Дангдын далысын жерге басып, 8:0 эсебинде таза жеңишти камсыздап, жарым финалга жолдомо алган.

Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн