Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына алгачкы жолдомону утту

20.09.2023 09:55
579
Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына алгачкы жолдомону утту


Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Чемпионат 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Мелдеште Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.

Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.

Андан соң кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту.

Ал эми чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишти илип кетти.

Жарым финалда кыргыз спортчусу колумбиялык Татьяна Рентерия менен беттешип, анын далысын жерге басып таза жеңишке жетти. Ошентип кыргыз балбаны финалга жолдомо алып, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Финалдык беттештер эртең, 20-сентябрда орун алат.

Финалда кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы япониялык балбан Юка Кагами менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн