Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

25.02.2022 17:04
969
Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.


Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырды.


Чейрек финалда Медет кызы россиялык балбан Екатерина Букина менен күрөшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн