Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Айрым акылсыз аялдар үчүн мыкты мырзалар зыян тартпасын

10.03.2020 13:23
1174
Айрым акылсыз аялдар үчүн мыкты мырзалар зыян тартпасын


Митингдерде негизи диний, саясый, ЛГБТ лозундарга тыюу салынат. Эскертилген. Билишет. Эки жылдан бери 8-мартта ушу лозунгдары жок эле "аял үйдүн куту!", "апалар төрдүн көркү!", "аялыңды урганың апаңды урганың!" ж.б. жакшынакай лозунгдар менен чыгышканда эч балээ болмок эмес.


... "Асабада" иштеп жүргөндө аялдарды коргоо митинг, иш-чараларынын активдүү катышуучусу болчумун. Ал кезде балким азыркы жаштар жаңы төрөлгөн, же бала бакчада, же мектепте жүргөн. Лозунгдар да көңүлдү сергитчү. Ага гезиттеги макала, сүрөттөр күбө. Менде "Асаба", "Республика", "Агым" гезитинин 1995-жылдан 2008-жылга чейин тирүүлөй архиви колдо, үйүмдө 4 сандыкта катылуу. Акылдууларга эскертейин, Мира Жангарачева баш болуп иштеген Акаевдин бийлиги "Асабаны" жаап салганда "Агым" Юстиция министрлигинен каттодон өткүчө Замира Сыдыкова "Республика" гезитин берип ошо менен чыкчубуз, окурмандарга.


... Эки жылдан бери 8-мартта ЛГБТнын лозунгдары менен саботаж кылган белгилүү айымдар бар. Азыр ак көрүнгүсү келип, акыйкатты, демократияны көтөрө жүгүрүп атышат. Кош стандарттуулуктун, эки жүздүүлүктүн кимге кереги бар?


... "Жатыным меники", "жылаңачтануу искусство", "чай куйбайм", "төрөбөйм", "тамак жасабайм", "гей, лесби экениме сыймыктанам, турсийими башыма кийем!" деп жазып алышса анан кыргыз түтөбөгөндө ким түтөйт? Айткылачы айланайындар? "Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз! " деген бизбиз, менбиз, сизсиз!


... Эң мыкты иштерди алып барып, өлкөнүн билим, саламаттык, экономика ж.б. көп тармактарынын өнүгүшүнө салым кошуп аткан НПОлордун да бетине көө жабышты башка НПОчулар...


... Жолдошуңун жакасын агартып жууп, тамагын таптап берип, төшөгүн таптаза кармап, агартып уул, кызартып кыз төрөп, уул, кызыңды тарбиялап, коомдук иштерге да үлгүрүп, кайын, журт, тууган урукту да сыйлаган аял болсоң сени ким урат да, ким сөгөт да, ким өрттөйт?


... Үй-бүлө чытырман токой, керкисинде да, кемигинде да бар. "Жакшы аял жаман эрди элге кошот, жаман аял жакшы эрди жерге кошот" деп бекеринен айтылбаптыр. Жаман аял "эл караган бетти жер каратат!".


... Айрым дөөпөрөс, зулум, кызыл камчы, жалкоо, жатып ичээр ж.б. артыкчылыгынан да кемчилиги көп эркектер үчүн баардык КЫРГЫЗДЫН МЫРЗАЛАРЫН жерден алып көргө чаба бербейли. Айрым акылсыз аялдар үчүн мыкты мырзалар да зыян тартпасын!

 

Жылдыз Мусабекова, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн