Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айрым айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салынган чектөөнүн мөөнөтү аяктады

30.09.2022 11:13
677
Айрым айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салынган чектөөнүн мөөнөтү аяктады

Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоого убактылуу тыюу салуу мөөнөтү аяктады.


Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин “Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 токтому менен алты айлык мөөнөткө экспорттоого тыюу салуу белгиленген.


Бул токтом жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирген, башкача айтканда, 2022-жылдын 24-мартынан 24-сентябрына чейин экспортко убактылуу тыюу салуу күчүндө болгон, демек, жогоруда аталган токтом 2022-жылдын 24-сентябрынан тартып күчүн жоготкон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн