Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 23:08
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Айрым аймактарда 1-2 саат ичинде электр энергиясы өчүрүлүп, кайра жанат

25.01.2022 18:51
923
Айрым аймактарда 1-2 саат ичинде электр энергиясы өчүрүлүп, кайра жанат

Кыргызстанда жакынкы 1-2 саат ичинде электр жарыгы кайра өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.


Анын айтымында, мындай аракеттер электр энергиясы системасын толук калыбына келтирүү үчүн жүргүзүлөт.


"Жакынкы 1-2 саатта Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы кайра өчүрүлүшү мүмкүн. Мындай кадамдар өлкөбүздө электр энергиясын толугу менен калыбына келтирүү үчүн жүргүзүлөт. Эч кандай дүрбөлөңгө алдырбай, сабыр кылууңуздарды суранабыз.

Электр жарыгы кайра жанат",- деди Зоотбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн