Эртең, 4-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда күн бүркөлүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен маалымдашты.
Калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында күн бүркөлүп, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 30…35;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн