Өмүргѳ коркунуч келбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова брифингде айтты.
“Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) менчигинин түрүнө, тибине карабастан 1 - 11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, “нѳѳмѳт” класстар ачылышы мүмкүн”, - деди Джусупбекова.
Пикирлер (1)