Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Айрым аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт, - 1-июнга карата аба ырайы

01.07.2020 08:42
1036
Айрым аймактарда жамгыр жаашы күтүлөт, - 1-июнга карата аба ырайы


Бүгүн, 1-июлда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоолуу аймактарга карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23 градус жылуу болот.

1-июлда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: түнкүсүн 1416°, күндүз 3032°.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн