Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айрым эл аралык жардамдар тышкы карыздын туруктуулугу үчүн терс көрүнүш, - Сариев

15.04.2020 14:05
1110
Айрым эл аралык жардамдар тышкы карыздын туруктуулугу үчүн терс көрүнүш, - Сариев


Коронавирус пандемиясынын терс кесепеттеринен улам бүгүнкү күндө өкмөт Кыргызстандын экономикасындагы өсүш төмөндөп, ички дүң продукциясынын көлөмүнүн 2020-жылкы деңгээли 6,8 пайызга азайышын болжолдоп жатат. Эгерде дүйнөлүк репрессия экенин эске алсак, андан да көп төмөндөө болушу мүмкүн.


Бүткүл дүйнөлүк банктын болжолдоосу боюнча, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө быйылкы жылы ички дүң продукциянын өсүүсү 5 пайызга төмөндөйт. Кыргызстандын бюджетине 2020-жылга карата 164 млрд сом күрөө коюлган. Анын ичинде коронавирустун кесепеттерин эске албаганда салыктан жана бажыдан түшүүлөр, башка булактардан келип түшкөн каражаттар 143 млрд сом түшмөк. Салык жана бажы төлөмдөрүнөн акча түшпөй калуудан 30 млрд сом экономикалык жоготуу болоорун министрлер кабинети айтып чыкса, эксперттер 40 млрд сомго чейин болот деп баалап жатышат.


Ал эми өкмөт азыр экономика таптакыр аксап калбашы үчүн бул процесстердин барын оптималдаштыруу боюнча өз аракеттерин жасап жатышат. Өлкө учурда мындай экономикалык проблемаларды кантип чечсе болоору тууралуу мурдагы премьер-министр Темир Сариев өзүнүн пикирин билдирди.


Жумушсуз калгандардын саны көбөйдү

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин кириши менен бир катар чектөөлөр кирип, ишке жарамдуу курактагылардын экономикалык активдүүлүгү кескин төмөндөп кетти. Өлкөдө чакан бизнес же жеке ишкерчилик менен 800 миң адам алектенет, патенттин негизинде формалдык эмес экономикада 190 миң адам (жүк түшүрүүчү, короо шыпыргыч, майда соодагер, тейлөөчү, унаа жуугуч ж.б.) эмгектенет. Алар жумушсуз, күнүмдүк жашоого акча табуусу жок калышты. Аз деп санаганда мекенине кайтып келген 150 миң мигрантты эсепке алганда бул өкүнтө турган картина. Муну менен миллиондон ашык адам жумушсуз отурат дегендик.    


Министрлер кабинети албетте бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жолдорун издеп жатат, бюджетти колдоо боюнча эл аралык донорлорго жеңилдетилген шартта жардам берүү үчүн кайрылып жатат. Мындай өтүнүчтөргө негизги донорлор көңүл буруп, айрымдары 350 млн долларга жакын акча каражатынан жардам берүүгө даяр экенин билдиришти. Мисалы, алардын бири Эл аралык валюта фонду 120,9 млн сом, Азия өнүктүрүү банкы 100 млн доллар. Бирок бул жардамдардын 2/3ү насыя түрүндө. Бул республиканын тышкы карыздык туруктуулугу үчүн терс көрүнүш. Сөз жүзүндө Кыргызстандын мамлекеттик карыздарына төлөөгө быйылкы бюджеттен 26 млрд сомдон ашык каражат пландалган. Бул каражат 2020-жылга карата бюджеттин тартыштыгынын жарымын гана толтурат, өкмөт дефицитти жабуу үчүн башка булак издеши керек.


Эмне кылса болот?

Өкмөт өлкө бюджетин кайра карап чыгуусу керек, саламаттыкты сактоо тармагы (эпидемиология, вирусту аныктоо жана дарылоо), өзгөчө абал, коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча бөлүнгөн каражаттарды оптималдаштыруу сунушталат. Белгилүү болуп жаткандай, кээ бир тармактарда үнөмдөөгө мүмкүн эмес, ошондуктан мамлекеттик экономикага бир жылга жетпеген убакыт ичинде көрүнөлүк таасир берген айыл чарба иштерине капиталдык салымдарды унутпоо зарыл.


Дагы бир белгилей кетчү маанилүү жагдай, коммерциялык банктардын портфели жыл башында 146 млрд сомго жакын сумманы түзсө, чакан кредиттик компаниялардыкы 24 млрд сомду түздү. Албетте, эгер бүгүн бизнес аксаса, эртең насыялардын төгүлүшүндө маселе чыгат. Бизнес бузулса, жумуш орду жоголот демек экономика алсырайт.

 

Министрлер кабинети каржылык бизнестерди колдоо максатында жеңилдетилген жана пайызсыз насыяларды берүү, кризис маалында салык төлөмдөрүнөн убактылуу бошотуу, жумуш ордуларын сактоо шарттары боюнча социалдык төлөмдөрдүн алкагындагы камсыздандыруу төлөмдөрүнөн жана ижара акысынан убактылуу куткаруу боюнча атайын чаралардын пакетин кабыл алышы керек. Ооба, өкмөт 31-мартта биринчи кезектеги чаралар боюнча план кабыл алган, бирок ал негизинен экономикалык каатчылыкты жумшартуудагы сунуштама иретинде гана болуп калган.

P.S. Макала 24.kg сайтынан кыргызчага которулду

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн