Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Айрым пенсионерлердин пенсиясы эмне үчүн кыскарды?

14.05.2021 13:38
1348
Айрым пенсионерлердин пенсиясы эмне үчүн кыскарды?

Пенсияны массалык түрдө кыскартуу жок, айрым учурлар бар, бирок алар төлөө боюнча автоматтыштырылган тутумдун ишке киришине байланыштуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө боюнча башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов билдирди.


Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында Соцфонд эсептешүү тутумун автоматташтырган.

“Ушуга байланыштуу пенсияны мурдагыдай суммада ала албай калган айрым учурлар бар, бирок массалык негизде мүнөздөлбөйт. Мурда пенсия колго берилип, адамдык фактор катышчу. Мүмкүн, мисалы 5 миң 100 сом чегерилчү, бирок азыр автоматтык тутум 5 миң сом пенсия чегерет, анткени бул туура эсеп. Автоматтык система пенсияны чегерүүнү мыйзамдарга ылайык келтирет экен”,-деди ал.

Мындан мурда социалдык тармактарда аз пенсия алып калган пенсионерлер тууралуу маалымат чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн