Бугу 13, 2024
Убакыт: 20:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Айрым райондордо карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт, - Абылгазиев

10.05.2020 15:33
891
Айрым райондордо карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт, - Абылгазиев


Айрым райондордо эпидемиологиялык абал начарлаган шартта комиссиянын сунушу менен карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында билдирди

 

Анын айтымында, өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт. 


Премьер-министр кыргызстандыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, аралыкты карманууга чакырды.

 

Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссиялардын сунушу менен карантинди киргизүү же алып таштоо боюнча чечимди өкмөт, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик райондук администрациялардын башчылары, мэрлер, жеке менчик түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кабыл алууга укуктуу болуп саналышат.


Бул багытта премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына жогорудагы атайын комиссиялардын ишин активдештирүүнү тапшырды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн