Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Айрым тармактардын кварталдык отчет берүү мөөнөтү 1-октябрга чейин узарды

24.07.2020 15:00
898
Айрым тармактардын кварталдык отчет берүү мөөнөтү 1-октябрга чейин узарды


Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталындагы жана 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн бир катар отчеттуулук үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин узартылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. 

Тактап айтканда төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү узартылы: 

- салыктык отчеттуулукту, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргызстандын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту;

- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттуулукту.

Бул чечим өкмөт тарабынан бекитилген Кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, аймактык салык органдарында калктын топтолушун жокко чыгарууга жана «COVID-19» коронавирус инфекциясынын таркалуу коркунучун жана тобокелдиктерди минималдоого багытталып, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды. 

Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн