2-январда Казакстандын Мангыстау облусунда башталган митинг барган сайын кулачын жайып бара жатат. Казак маалымат булактарынан алынган акыркы маалыматтарга таянсак, азыркы учурда 8 облустун тургундары митингге чыгышты.
Маалыматка ылайык, Атырау облусунун борбордук аянтында митинг өткөрүүгө уруксат бербеген полиция кызматкерлери элдин толкунунан улам артка чегинүүгө мажбур болду.
Азыркы учурда Казакстандын батышындагы 4 облусту улай Алматы, Кызыл-Орда, Түркистан жана Костанай облусунун тургундары да митингге чыгууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн