- Айсулуу Турусбековна, сиз комитеттин жыйынында жашоого зарыл дарыларга НДС салыгын алып салууну сунуштадыңыз. Ал салык дарылардын баасына канчалык таасир этүүдө?
- Бүгүнкү күндө бул өтө чоң көйгөй. Күндөн-күнгө баалар өсүп баратат. Батирлердин, азык-түлүктөрдүн, дары-дармектердин баасы жогорулоодо. Анысы аз келгенсип, тилекке каршы, министрлер кабинети туура эмес чечим кабыл алды деп ойлойм. Турмуштук зарыл дарылардын тизмеси боюнча комиссия бар. Дарылар тизмеге ошол комиссия аркылуу киргизилчү. Ал тизмеде балдар сүт иччү бөтөлкөдөн тартып, кебезге чейин камтылган эле. Кебез го мейли, анын баасы анчалык кымбат эмес, бирок онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулчу өтө керектүү дарылардын баасы 200 миң сом болсо, эми 224 миң сомго көтөрүлдү. Ага фармацевтикалык компания да өз кызматын кошот да! Бул биздин ооруп жаткан бейтаптарыбызга кыйынчылык келтирип, кедейчиликке алып келе турган нерсе. Кыргызстан боюнча орточо айлык акыны алсак (кечээ эле улуттук статистика комитети чыгарды) 34 миң 700 сом экен. 224 миң сомдук дарыны кайсы үй-бүлө сатып ала алат? Ал жерде дарылоо курсу боюнча бир эле убакытта төрт-беш дары алыш керек. Бирөөсү ооруну өрчүтпөй кармап турса, экинчиси онкологиялык клеткаларды өлтүрөт. Ага кошумча кылып башка витаминдерди да алуу кажет. Балдар онкологиясындагы тизмеде 23 дары каралса, өкмөт болгону үчөөнү гана камсыздайт. Эми каржылоо көбөйсө деле дары 12 пайызга аз алынат. Анткени, салык төлөш керек. Бекер берилчү дарылардын саны дагы да азаят. Ансыз деле аз болчу, дагы төмөндөйт.
- 200 миң өтө эле кымбат эмеспи? Бул кайдан алынган баа?
- Сапаттуу, жакшы дарылардын баасы кымбат. Анткени, бул онкологиялык клетакаларды өлтүрө турган дары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн